• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык боксчу Өмүрбек Бекжигит уулу эл аралык мелдеште байгелүү орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Бекжигит уулу Испаниядагы Boxam эл аралык мелдешинин күмүш медалына ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирет.

Мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, 3-февралда жыйынтыкталды.

Өмүрбек Бекжигит уулу 86 кг чейинки салмакта катышып, жалпы үч беттеш өткөргөн.

Алгач 1/4 финалдык беттеште польшалык мушкерди жеңип, жарым финалдык беттеште индиялык спортчуну уткан.

Ал эми алтын медаль үчүн беттеште англиялык мушкерге жеңилип калып, 2-орунду камсыздады.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган мелдеште кыргызстандык боксчулар Мунарбек Сейитбек уулу алтын, Сагын Сатыбалды уулу коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий