• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Футбол боюнча Азия Кубогу U-23: Кыргызстандын тандап алуу оюндарындагы атаандаштары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 25.05,23. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын (23 жаштан кичине) U-23 Азия Кубогунун квалификациялык оюндарындагы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Командалардын чүчүгулак тартуу аземи бүгүн Азия футбол конфедерациясынын Куала-Лумпурдагы (Малайзия) баш кеңсесинде өткөн. Ата мекендик команда «B» тайпасында Катар, Түштүк Корея, Мьянма курамалары менен бирге жайгашты.

Эске салсак, тандап алуу оюндар 2023-жылдын 4-12-сентябрь күндөрүндө өтөт. Ал эми финалдык бөлүк 15-апрелден 3-майга чейин 16 команданын катышуусу менен 2024-жылы Катарда орун алат.

Азия биринчилигинин финалдык этабына жолдомо үчүн 11 группа бөлүнгөн 43 команда ат салышат. «В» тайпасынын оюндарын Чханвон шаары (Түштүк Корея) кабыл алат.

Белгилей кетсек, U-23 Азия Кубогу негизинде 2024-жылы Парижде өтө турган олимпиадага башкы үч орунду ээлеген командалар чыгат. Төртүнчү команда плей-оффто ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Пикир

Оставить комментарий