• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто 30 жаштагы келин төрөттөн көз жумду

Ден соолук 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Ош шаарынын шаардык перинаталдык борборунда 3-апрелде төрөт учурунда жаш келин каза болуп калды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, 30 жаштагы келин 25-мартта кош бойлуулуктун 33 жумалыгында оор абалда төрөт үйүнө түшкөн. Анын жүрөгүндө кемтик бар болуп, шашылыш түрдө кесарево жасоо чечими кабыл алынат. Салмагы 2 кг 350 гр болгон кыз жарык дүйнөгө келди.

"Келин реанимация бөлүмүндө эс-учун билбей жаткан. Дарыгерлер бир нече ирет консилиум өткөрүп, көрүлгөн чараларга карабастан 3-апрелде каза болду. Ымыркай 6-апрелде патология бөлүмүнө которулган. Ал айына жетпей төрөлдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий