• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК синтетикалык баңгизаттардын заяндуулугу жөнүндө соцролик тартты

Коом 0


Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдап, синтетикалык баңгизаттардын зыяндуулугу жөнүндө социалдык ролик тартты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, азыркы учурда бүткүл өлкө боюнча баңгизаттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иштер алып барылууда.

Заманбап синтетикалык дары - бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу "капкан". Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат.

Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз баңгичиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо, анда төмөнкү анонимдүү ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот: 118.

Комитеттин жетекчилиги химиялык баңгизаттарды кабыл алуу кайтарылгыс кесепеттерге алып келерин жана аларды өндүрүү/тараттууга катыштыгы бар тараптар мыйзам тарабынан катуу жазаланарын дагы бир жолу эскертет!

Пикир

Оставить комментарий