• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Баткенде баңгизаттын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жаштарга баңгизаттын зыяндуулугу боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Түшүндүрүү иштери Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Алар Баткен районундагы Жаңы-Жер, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы С.Пушкин, С.Айни атындагы орто мектептердин 10-11-класстарынын окуучуларына баңгизаттардын зыяндуулугу, учурдагы жаштар арасында кеңири жайылган синтетикалык бангизатын, аптекалык көз карандылык боюнча жаштардын азгырылуусу тууралуу айтып беришип, "Бангизат каражаттарынын ден соолукка келтирген зыяндуулугу", "Бангизат кылмыштары боюнча көрүлүүчү жазалар" боюнча доклад жасап, лекцияларды өткөрдү.

Ыкчам кызматкерлер лекцияда баңгизатынын ден соолукка жана коомго зыяндуулугу, жаштар арасында синтетикалык баңгизаттарын колдонуунун алдын алуу боюнча кеңири түшүнүктөрдү берди.

Мектеп окуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, милиция кызматкерлеринен канааттандырарлык жоопторду алышты.

Пикир

Оставить комментарий