Баткенде багбанчылыкты өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары практика жүзүндө көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында “Багбандардын күнү - Кадамжайга саякат” илимий- практикалык фестивалы өттү.

Иш-чара бүгүн, 1-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Иш чаранын негизги максаты — агроөндүрүштү сапаттуу жүргүзүүнүн шарттарын, фермерлерге жеринде практика жүзүндө көрсөтүү болуп саналат.

"Азыркы кезде президентт Садыр Нургожоевичтин саясатынын орчундуу багыттарынын бири айыл чарбасын көтөрүүгө жаңычыл, заманбап көз караш менен мамиле кылуу. Учурда биз президентибиздин тапшырмасы менен жерлерди анализдеп, текшерүү жүргүзүп, 62 миң гектар кайрак жайыт жерлерин аныктап, суу менен камсыз кылып жатабыз.

Акимдер, айыл өкмөт башчылары мына ушул жерлерди трансформация жасап, кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого, багбанчылык кылып кирешелүү көчөт тигүүгө мүмкүндүк түзүшү милдет. Мына учурда дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биз сууну үнөмдүү, сарамжалдуу пайдалануу үчүн тамчылатып сугарууга басым жасап жатабыз. Ошондой эле, кайра иштетүү өнөр жайларын өркүндөтүүгө, экспорттун көлөмүн арттырууга иш аракеттер көрүлүүдө", - деп билдирди суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев.

Ал ошондой эле учурда алдыңкы фермерлердин тажырыйбасын колдонуу аркылуу республиканын бардык аймактарында чакан жана орто агробизнестин потенциалын жогорулатуу жана өнүктүрүүгө жигердүү аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

"Айыл чарба өндүрүшүн эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болгон жогорку деңгээлге көтөрүп, тармакты өнүктүрүүдө дыйкан-фермерлерге жагымдуу шарттарды түзүү учурдун талабы. Баткен өрөөнү — республикабыздагы багбанчылыкты өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу аймак. Бүгүн бул жерге өлкөбүздөгү алдыңкы дыйкан-фермерлер, багбанчылык боюнча жогорку кесипкөй адистер, тажырыйбалуу ишкерлер чогулду. Мындай жогорку кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн жайылтуу боюнча иш-чараларды уюштуруу колдоого арзыйт. Өзгөчө багбан-фермерлерди жеткиликтүү көчөттөр менен камсыздоо чоң мааниге ээ. Ошондой эле, өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүү жана соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл",- деген министр, айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы идея-сунуштарды кеңири жайылтуу үчүн жеке демилгелерди ар дайым колдой турганын айтты.

Иш-чарада окумуштуу-агроном Зулпукар Саматов сабак өтүп, алманын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын айтып берсе, агроном-инженер Жамгыр Көчжигит бакчаларды тамчылатып сугаруунун жаңы сапаттуу технологиялык системалары менен тааныштырды.

Иш-чаранын демилгечиси, айыл чарбасынын инженер-механиги Манас Саматов багбанчылыкты механизациялоо тууралуу таанып-билүү багытында кеңири баяндама жасады. Алдыңкы кайра иштетүүчүлөр болгон "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиев баштаган бир катар ишкерлер, адистер фермерлер менен иштөө боюнча өзүлөрүнүн бай тажрыйбалары менен бөлүштү.

Бүгүнкү орчундуу окуя буга дейре министрлик тарабынан өткөрүлгөн "Агродиалог" чоң форумунун уландысы катары, фермерлердин жеринде жогорку рентабелдүү агроөндүрүштү уюштуруунун практикалык мисалы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий