Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Баткенде батирге бекилип калган наристе куткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн, 17-ноябрда Кызыл-Кыя шаарындагы Султанов көчөсүндө жайгашкан №5 көп кабаттуу үйдүн батиринде эшик бекилип калып, ичинде 5 жаштагы наристе калып калган.
Маалымат түшөр менен аталган даректе куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу шатынын жардамы менен 3-кабатка чыгып, баланы аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп берди.
Пикир
Оставить комментарий