• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Баткенде базардан чыккан өрттүн кесепетинен өспүрүм каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунун Раззаков шаарында жайгашкан Мадамин базарынан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 11:55те чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен жабыркаган 16 жаштагы бала тез жардам кызматына өткөрүп берилип, ооруканада каза болгон.

Өрттүн аянты 42 чарчы метр түздү, өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий