Баткенде билим күнүндө төрт типтүү мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Баткен облусунда быйылкы 2023-2024-жаңы окуу жылына карата төрт типтүү мектеп ачылып, пайдаланууга берилүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар:

• Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби;
• Исхак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы Жусуп Баласагын атындагы орто мектеби;
• Баткен районунун Орто -Боз айылындагы Ж.Момунов орто мектеби;
• Кыштут айылындагы Кыштут орто мектеби.

Мындан сырткары, дагы үч мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.

Алар;
• Көк-Таш айылындагы Көк-Таш башталгыч мектеби;
• Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин кошумча имараты;
• Кызыл-Бел айылындагы Масалиев орто мектебинин кошумча имараты.

Ошондой эле быйылкы окуу жылына карата Лейлек районунда Борбордук жана Максат орто мектептери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

Учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүүдө, анын 25и мектеп, 9у балдар бакчасы.

Пикир

Оставить комментарий