• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Баткенде быйыл 21 социалдык обьекттин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Баткенде быйыл 21 социалдык обьекттин курулушу аяктады.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Баткен облустук курулуш башкармалыгы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен 2024-жыл ичинде облус аймагында 71 обьектиде курулуш, оңдоп-түзөө жана долбоорлоо иштери жүрдү.

71 обьектинин ичинде 31 мектеп, 4 спорт комплекси, 7 балдар бакчасы, 6 административдик имарат, 3 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси, 4 таза суу обьектиси, 4 турак үйдүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери бар.

2024-жылдын жыйынтыгы менен 21 обьекттин курулушу аяктоодо. Буга чейин 16 социалдык обьект эксплуатацияга тапшырылды.

Алар 9 мектеп, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 таза суу обьектиси, 2 административдик имарат.

31-декабрга чейин курулушу аяктаган дагы 5 обьектини колдонууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий