Бишкек, 30.04.23./Кабар/. Ушул жылдын 25-апрелинен 29-апрелине чейин Баткен шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирет.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишин аныктоо маселеси боюнча пикир алышты.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү мамиледе өттү.
Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт.
Пикир
Оставить комментарий