• 87
  • 89.63
  • 0.85

Баткенде чек арачылар эки күндө 1,9 млн сомдук аткезчилик жүктү кармады

Аймак 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар эки күндүн аралыгында баасы болжол менен 1 млн 900 миң сомду түзгөн аткезчилик жүктү кармады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январда Лейлек районунун Курук-Сай жергесинде чек ара кезмети Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Кыргызстандан Тажикстанга 3 тонна майдаланган тоок этин жана болжол менен 300 кг түзгөн куйрук майын алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз жаранында жүккө тийиштүү документтер болгон эмес.

Ал эми бүгүн Достук-Мурас автожолунун тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары милиция кызматкерлери менен биргеликте Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунааны токтоткондо Тажикстандан Кыргызстанга алынып келинген аткезчилик жүктү кармашкан. Кыргызстандык айдоочу болжолдуу баасы 1 млн 500 миң сомду түзгөн сегиз куту электрондук тамекини документи жок алып кирген.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, протоколдор түзүлгөн соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр тийиштүү органдардын кызматкерлерине андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий