• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткенде диний-экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Баткенде интернет аркылуу диний-экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы А.У. аттуу жаран облус аймагында өтүп жаткан "Нелегал" аталышындагы ыкчам операциясынын алкагында кармалган.

Операциянын жүрүшүндө экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында социалдык тармакта "Өзбекстан ислам кыймылынын" экстремисттик террористтик уюмунун материалдарын таратып жүргөндүгү аныкталган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган жана ага карата экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу беренеси менен иш козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий