• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чүй облусунда 529 жолу жол эрежесин бузган айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Чүй облусунда 529 жолу жол эрежесин бузган Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол эрежесин бузган айдоочу бүгүн инспекторлор тарабынан Жайыл районундагы "Сосновка" постунан кармалган. Айыптын жалпы суммасы 694 миң 800 сомду түзгөн.

Mercedes-Benz унаасы убактылуу короо жайына киргизилди.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБы жол эрежесин бузган айдоочуларды айыпты өз убагында төлөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий