• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-февралдан 9-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий