• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Баткенде "Экспорт кербени. Аймактарды өнүктүрүү" өнөктүгү болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Кечээ, 18-февраль күнү Баткен шаарында "Экспорт кербени. Аймактарды өнүктүрүү" өнөктүгү болуп өттү.

Иш-чарага Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жана бизнес өкүлдөрү катышкан.

Иш-чаранын алкагында өндүрүүчүлөр менен экспортчуларга мал-жандыктан жана өсүмдүктөн алынган продукцияларды экспорттоо үчүн кандай документтер зарыл жана кандай процедуралардан өтүү; ЕАЭБ, Европа биримдигинин жана башка өлкөлөрдүн реестри? Ал реестрга кирүү үчүн кандай процедуралардан өтүү; Бир район – бир продукт деген кандай долбоор? Ал долбоордун максаты; Стартап долбоор үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан каржылык колдоо алууда кандай талаптар жана шарттар бар; РЕХ системасы (Европа биримдигине экспорттоочу компанияларды каттоо) жана башка маселелер боюнча маалымат берилген.

"Экспорт кербени":

- 18-февраль – Баткен, "Алтын-Бешик" мейманканасы;

- 19-февраль – Ош, "Grand Chavo" мейманканасы;

- 20-февраль – Жалал-Абад, "Багера" мейманканасы;

- 24-февраль – Талас, "Кербен" мейманканасы;

- 26-февраль – Нарын, "Хан-Теңири" мейманканасы;

- 28-февраль – Каракол, "Тагай-Тай" мейманканасы;

- 3-март – Бишкек, Экономика министрлигинин чоң залы.

Пикир

Оставить комментарий