• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош: Эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Ош шаарында эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы эмдөө маселеси боюнча Ош шаарындагы базарлардын, кафе-ресторандардын ж.б. экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүчү субъектилердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын уюуштурулду.

Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри З. Юсупов, экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Т. Кайымов, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы М. Айдарбекова, Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери С. Орозбаева жана ишкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коронавируска каршы эмдөө маселеси боюнча Орозбаева кенен маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул маселеде жыйындын катышуучулары өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, ишканалардагы кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүп жатышкандыктарын жана эмдөө процессине көмөк көрсөтүшө тургандыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий