• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош облусунун башчысы жеке маселелер менен кайрылгандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-февраль күнү Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун тургундары турак-жай, жер тилкеси, жеке маселелер, афган согушунун ардагерлеринин маселелери, социалдык маселелер, материалдык жардам жана жер маселелери менен кайрылышты. Облус башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү адистерге жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дө КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий