• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Баткенде энергетиктердин эки жаңы обьектиси ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бүгүн, Баткенде курулуп бүткөн «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын энергетиктердин эки жаңы обьектиси ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, кесиптештерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, энергетиктер үчүн түзүлгөн шарт, элдин алдында аткара турган ишке болгон жоопкерчиликти арттыраарын белгиледи.

Баткен электр тармактар ишканасынын жаңы имараты 3 кабат болуп курулуп, 200 жумушчуга ылайыкташтырылган. Заманбап стилде салынып, жаңы мебель, компьютердик техникалар менен камсыздалып, жумушчулар үчүн жатаканасы, ашканасы жана атайын техникалар токтоочу короосу, трансформатор оңдоочу цехи, жабдууларды сактоочу кампасы менен салынган. Жалпы аянты 3727 квадрат метр.

Ошондой эле, Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасында да жумушчулар үчүн баардык шарттар каралып, жаңы имарат 60 орунга ыңгайлаштырылып курулуп, жалпы аянты 3727 квадрат метрди түзөт.

Белгилей кетсек, аталган обьектилер Баткен облусунун 25 жылдыгына карата ачыла турган 25 обьектинин катарын толуктайт.

Пикир

Оставить комментарий