Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган кыз комада – Саламаттык сактоо министрлиги

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги "Кабар" агенттигине Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган 2 жашар кыздын абалы тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, наристе облустук ооруканага 7-июнда түшкөн.

"Азыркы учурда бала комада, баш мээсинин жабык жаракаты жана баш мээнин чайкалышы диагнозу менен жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалашууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскрете кетсек, эртең менен аймактык милициядан 2 жашар кызды сабагандыгы үчүн анын өгөй атасы кармалганы боюнча маалымат беришкен.

Пикир

Оставить комментарий