• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 12 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталган

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө боюнча 2018-жылдын 31-августунан 6-сентябрга чейин 11 миң 911 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен:

- 932 айдоочу башка айдоочуларга жолдо тоскоолдук жаратышкан;

- 1156 айдоочу жарыктандыруучу жабдыгы жок унаа башкарган;

- 248 айдоочу жол чырагына баш ийген эмес;

- 3174 айдоочу коопсуздук курун тагынбастан унаа башкарган;

- 126 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

- жол эрежелерин сактабаган – 2104 айдоочуга айып салынган;

- терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 28;

- 1364 – жогорку ылдамдык унаа башкаруу;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 605 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий