• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чүйдө эки унаа кагышып, жүргүнчүлөр жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда эки унаа кагышкан, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-ноябрда болжол менен саат 01:59да Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаа менен “Вольво” оор жүк ташуучу унаасы кагышкан.

“Кырсыктан 1978-жылкы жана 1994-жылкы эки аял жабыркаган. Жерине төрт куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматт.

Пикир

Оставить комментарий