• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда саат 02:29да Баткен облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катран айылдарында төрт балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий