• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүйдө BMW жөө өтмөктөн кызды учура сүзүп кеткен. Анын абалы оор

Кырсык 0


Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Чүйдүн Москва районунун Петровка айылында 29-апрелде саат 21:00дө BMW үлгүсүндөгү унаа жол чырактагы жөө өтмөктөн өтүп бараткан кызды сүзүп, изин жашырган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынан 23 жаштагы Д.Г. аттуу кыз оор абалда аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чарасы жүргүзүлүп, BMW үлгүсүндөгү унаанын 20 жаштагы А.З. аттуу айдоочусу кармалган. Ал тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Унаа айып аянтчасына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий