Баткенде күйүк алган экинчи милиция кызматкери каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.23. /Кабар/. Баткенде күйүк алган экинчи милиция кызматкери Орозмамат Акуналиев каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев 30 жашта болчу, өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Артында 2 уул, 1 кызы калды.

Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн , Ноокат РИИБдеринде, Ош ОИИБде кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп үзүрлүү эмгектенип келген.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Орозмамат Акуналиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий