• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Баткенде күз-кыш мезгилине даярдык иштер кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Баткен электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгы кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарында жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин төмөндөгүдөй бир катар жумуштар аткарылды.

- 220, 110, 35 кВ көмөк чордондор 41 даана жана 220,110, 35 кВ аба чубалгылардан 732 км техникалык тейлөөдөн өтсө, 220,110,35 кВ көмөк чордондордун 3 даанасы жана 220,110,35 кВ аба чубалгыларын 178 км толугу менен капиталдык ондоп-түзөөдөн өттү.

- 6-10-0,4 кВ трансформаторлордун 997 даанасы техникалык тейлөөдөн өтсө, 175 даана трансформатор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

Белгиленгендей, Баткен электр тармактар ишканасы 2023-жылдын ноябрь айына чейин пландалган оңдоп-түзөө иштерин толугу менен аткарат.

Пикир

Оставить комментарий