• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Соцфонддун колл-борборуна жыл башынан тарта дээрлик 7 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна жыл башынан тарта 6 миң 967 кайрылуу түшкөн.Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Ал эми 2023-жылдын июль айында колл-борборго 891 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 616 кайрылуу телефон аркылуу түшсө, 275 кайрылуу сайттагы онлайн/офлайн чат аркылуу түшкөн.

Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Соцфонддон белгилешкендей, колл-борбор мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Ал 1202 кыска номери аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий