• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте турак үйдөн чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Бишкекте таң эрте Бишкек шаарынын Муромская көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан өрт саат 10:42де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо болжол менен 600 чарчы метр аянтты жалмап кеткен. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Ленин районунун Муромская көчөсүндө барак тибинде салынган имараттын ичиндеги нан бышыруучу жана жыгачты кайра иштетүүчү цехтерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий