• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Дордой-2 жаңы конушунан жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Бишкек – Торугарт унаа жолунун 12-чакырымында жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылды.

“Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, бул тууралуу маалымат Аламүдүн РИИБне 12-майда түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери ымыркайлардын сөөгүн Дордой-2 жаңы конушунун аймагынан табышкан.

Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Материалдар Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий