• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Айдоочулардын бири мас болгон. Бишкекте эки унаа кагылышты

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Садырбаев көчөсүндөгү (мурдагы Баха) №59 үйдүн маңдайында Toyota жана Nissan үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине жол коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, “Toyota” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас болгон.

“Жол кырсыгынын кесепетинен 2012-жылкы бала жабыркады, ал Nissan автоунаасынын ичинде болгон. Аны дароо балдар ооруканасына алып барышкан. Эки айдоочу тең №4 ооруканага жеткирилген. Автоунаалар айып унаа токтотуучу жайга токтотулган”, - деп билдиришти ведомстводон.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү материалдар Бишкек ШИИБне өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий