• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Баткенде ӨКМ кызматкерлеринин практикалык машыгуусу өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. 5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата Баткен шаарында жөө жүрүш жана практикалык машыгуу көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Ага облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана облустук жарандык коргонуу кызматтары, жогорку, орто окуу жайларынын студенттери жана окуучулар катышты.

Маруфхан Тулаев өз сөзүндө мындай иш-чаралар ар түрдүү кырсыктардын тобокелин алдын алууга жана азайтууга, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга шарт экенин белгиледи.

Машыгууда өзгөчө кырдаалдар катталган учурда куткаруу жумуштары, мектеп окуучуларынан түзүлгөн жаш куткаруучулардын биринчи жардам көрсөтүүсү жана практикалык көрүнүштөр аткарылды өздүк курамы тарабынан аткарылды.

Эске салсак, өлкө аймагында жарыяланган бир айлыктын алкагында башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жаш куткаруучулар мелдеши уюштурулуп, облустук турда Баткен шаарынан "Гриффиндор" командасы республикалык мелдешке жолдомо алган. Мындан сырткары, мерчемдин негизинде өрт тактикалык машыгуулар жана иш-чаралар уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий