• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Баткенде маалымат жана медиа сабаттуулук боюнча эки күндүк окутуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. 26-27-сентябрь күндөрү Баткен шаарында чыр-чатактарга сезимтал коммуникация, маалымат жана медиа сабаттуулук боюнча эки күндүк семинар өттү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, окутууга Баткен облусунундагы райондук администрация,шаар мэрияларынын кызматкерлери, басма сөз кызматтары,ЖМК өкүлдөрү катышты.

Семинардын негизги максаты — мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен ЖМК ортосунда ыкчам жана оперативдүү кызматташтыкты түзүү алардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу болду.

Катышуучулар сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, жалган маалыматтарды таануу жана аларга каршы туруу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган билим жана көндүмдөрдү алышты.

Семинар бул максаттарды ишке ашырууда катышуучуларды заманбап маалымат каражаттары жана коммуникация ыкмалары менен тааныштырып, медиа чөйрөдө туура жана ишенимдүү маалымат берүү тажрыйбасын бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түздү.

Окутууну ЮНЕСКО жана БУУӨПтүн колдоосу астында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар биримдиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты менен өнөктөштүктө уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий