• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарындагы мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары үчүн оюн-зоок уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 24.04.22. /Кабар/. Ош шаарындагы мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары үчүн оюн-зоок уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Боорукердик” интернатынын, “Лотос”, “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучуларына Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери тарабынан спектакль уюштурулду.

Иш-чаранын соңунда балдарга таттуулар жана белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий