• 87
  • 90.63
  • 0.79

Баткенде мамкызматкерлер "Санарип аймак" системасы боюнча окутуудан өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Баткенде мамлекеттик кызматкерлер "Санарип аймак" системасы боюнча окутуудан өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чара КР президентинин "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоонун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралары жөнүндө" жарлыгынын алкагында "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынын жаңы модулдары боюнча уюштурулду.

Окутууга президенттин Баткен облусундагы өкулүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган мамлекеттик кызматкерлер, тагыраагы райондук мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын аппарат жетекчилери, айыл өкмөттүн башчылары, айыл өкмөттөрдүн жер адистери жана "Санарип аймак" боюнча иш алып барган кызматкерлер катышты.

Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Сураган Босумбаев жана агенттиктин кызматкерлери "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча маалымат беришти.

Белгилей кетсек, "Санарип аймак" программасынын негизинде Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндөгү чарба китептер электрондук чарба маалымат базасына киргизилүүдө, жарандарга электрондук маалым каттар берилүүдө.

Облус боюнча 586 миң 148 калк жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 493 миң 215 же 84,1% көрсөткүчтү түзөт.

Ал эми облус боюнча жалпы үй-чарбаларынын саны 80007 болсо, санарип аймак тутумуна катталган үй-чарбаларынын саны 800 миңди, же 100% көрсөткүчтү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий