• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто мектеп окуучулары арасында “Өтмөк” аталышындагы иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы мектеп окуучулары арасында “Өтмөк” аталышындагы иш-чара өткөрдү.

Аталган кызматтан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында шаардагы мектептердин окуучулары арасында заманбап жол чырак жасоо боюнча сынак уюштурулду.

Ош шаарындагы мектептердин окуучулары заманбап жол чырактардын макетин жасоо боюнча сынакка катышып, заманбап жол чырак жасаган окуучулар баалуу белектер менен сыйланышты.

“Өтмөк” рейдинин максаты - жаш өспүрүмдөрдүн арасында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий