• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер окутуудан өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында облус аймагынан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу уюштурулду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Окутууга президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эркеайым Сейитказыева жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана кызматкерлери катышты.

Окутуу кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатууга багытталган.

Бул күнү катышуучулар иш учурунда көп кездешкен маселелер жер мунапысы, жерлерди трансформациялоо, жерлерди ижарага берүү, салык топтоодогу жаңы өзгөрүүлөр, салык системасын санариптештирүүнү өздөштүрүү, сугат сууну туура бөлүштүрүү, СПАлардын ишин натыйжалуулугун арттыруу, аймакка инвестиция тартуу жолдору, долбоорлорду жазуу, аймакты ар тараптуу өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтын бышыкташты.

Пикир

Оставить комментарий