• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. 14-ноябрда Гагарин атындагы мектепте өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эмдөө мектептердеги ден соолукту чыңдоочу борборлордо акысыз жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылынын аралыгында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВ вакцинасы берилет. Вакцина алты ай аралыгында эки жолу берилет (Эгер биринчи дозасы ноябрда берилсе, экинчи дозасы май айында).

Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер менен жолугушуу болуп, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ҮМБнын, СЭСтин, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында эмдөө, анын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча маалымат берилди. Жатын моюнчасынын рагы аялдарда эң көп кездешкен үчүнчү рак болуп саналат жана дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Адамдын папиллома вирусуна каршы вакциналар жатын моюнчасынын рагына каршы күрөшүү үчүн 15 жыл мурун иштелип чыккан жана азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Борбордук Азия (Казакстан, Өзбекстан), Кавказ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө кеңири колдонулат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдардын онкологиялык оорулардан өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат жана жыл сайын 300дөн ашуун өлүмгө алып келет.

Эмдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Дени сак адам – гүлдөгөн өлкө” программасынын алкагында 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жатат.

Ош шаарында АПВга каршы эмдөөнү киргизүү боюнча төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:

- шаардын медицина кызматкерлери арасында семинарлар өткөрүлдү;

- шаардын мектептеринде педагогдор жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;

- массалык маалыматтар каражатында айтылды;

Ош шаарында "Гардасил" вакцинасы бар, шаардагы бардык ҮМБларга 14360 доза таратылды. Калаада 11 жаштан 14 жашка чейинки 14 миң 59 кыз эмдөөдөн өтөт.

Пикир

Оставить комментарий