• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

15-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 5…10 градус, Таласта 3…8 градус, Ысык-Көлдө 5…10, Нарында 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз абанын табы 9…14 градуска жетет.

Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаашы ыктымал. Абанын температурасы 7…9 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий