• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таласта айдоочунун унаасынан 6 кг ашуун баңгизаты табылган

Аймак 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Таласта айдоочунун унаасынан 6 кг ашуун баңгизаты табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 24-октябрда Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолунда Талас районунун Талды-Булак айылында "ГАЗ-69" үлгүсүндөгү унааны ташып бара жаткан унаа токтотулган.

Аталган унаага тинтүү жүргүзүү учурунда 18 даана көлөмү 1,5 литр пластик бөтөлкөлөрү, жарым 50 кг. сумкасынан жалпы салмагы 6 кг 753 гр "марихуана" табылып алынган.

Бул баңгизаттары Чүй облусуна сатуу үчүн Жалал-Абаддын Токтогул районунан сатылып алынганы аныкталган.

Аталган унаанын ээси кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий