• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балаты жанды

Аймак 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балаты жанды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Балатыны жандыруу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Калаа мэри Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, жакшылыктарды, ийгиликтерди жана жаратмандыкты каалады.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, өнөр ээлери тарабынан жагымдуу ырлар тартууланды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтына бийиктиги 27 метрди түзгөн балаты орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий