• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Кыргызстандын оор атлетика боюнча курамасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Кечээ, 19-декабрда Колумбияда өткөн дүйнө чемпионатына катышкан оор атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкекке келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунан спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, оор атлетика боюнча федерациянын мүчөлөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында Бакдөөлөт Расулбеков 102 кг салмак категориясында кичи коло медалга ээ болгон. Ал эми 89 кг салмак категориясында Эмил Молдосов 9-орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий