• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ювентус” клубу тогузунчу ирет Италиянын чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Футбол боюнча Италиянын чемпионатынын 36-турунда “Ювентус” клубу 2:0 эсебинде “Сампдория” командасын жеңип алды. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазат.

Бул жеңиши менен “Ювентус” чемпионаттын жыйынтыкталышына эки тур калганда эле чемпион аталды. Аталган команда 83 упай топтогонго жетишти.

Белгилей кетсек, “Ювентус” клубу тогузунчу ирет Италиянын чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Пикир

Оставить комментарий