• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 10.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмактын финалында Талантбеков казакстандык Диас Кален менен кармашып, аны 3:2 эсебинде жеңип алды.

Кыргыз балбаны буга чейин индиялык спортчуну 7:1, ирандык балбанды 6:0 эсебинде артта калтырган.

Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий