• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектеги Азия чемпионатында балбандар төрт медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 20.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кечээ, 19-июнда Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча чемпионат 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында өтүүдө.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинки балбандар килем үстүнө чыкты. Эркектер арасында 45 кг, 48 кг, 51 кг, 55 кг, 60 кг, 92 кг жана 110 кг салмакта жарыштар орун алып, анын жыйынтыгында кыргызстандык балбандар эки алтын, бир күмүш жана бир коло медаль утту:

1-орун — Жантөрө Мирзалиев (60 кг);

1-орун — Нурболот Сыргабай уулу (92 кг);

2-орун — Кубаныч Аринов (51 кг);

3-орун — Абдулахадходжа Абдуллаходжаев (55 кг).

Эскерте кетсек, Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 60 спортчу коргоодо.

Пикир

Оставить комментарий