• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Шабданбаев кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын спортчулары менен жолукту

Спорт 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен жолугушту.

Аталган агенттиктен билдиришкендей, жолугушуу Бишкектеги "Изабек" спорт комплексинде өттү. Жолугушууга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов да катышты.

Канат Шабданбаев Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованы "Poland Open" эл аралык мелдештеги жеңиштери менен куттуктады.

"Бул коронавирус пандемиясына байланыштуу ортодогу узак тыныгуудан кийинки биринчи старт болду жана сиздер эң мыкты кадамдан баштадыңыздар. Коронавирус окуу-машыгуу жана мелдештерди өткөрүү процесстерине өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизгенине карабастан сиздер рухту бийик кармап, үйдө машыгып, физикалык даярдыкты колдоп турдуңуздар. Бунун баары сиздердин спортко болгон мамилеңиздерди, жоопкерчилигиңиздерди жана тартиптүүлүгүңүздөрдү көрсөтүп турат. Сиздер бул менен токтоп калбайсыздар деп терең ишенем. Өз кезегинде биз алдыга койгон максаттарыңызды колдоп, эл аралык лицензиялык мелдештерге жана Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдык көрүү үчүн таяныч болууга даярбыз", - деди Шабданбаев.

Пикир

Оставить комментарий