• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак, Ош шаарынын Достук кичирайонунун 51-көчөсүндөгү турак үйдүн 9 чарчы метр бөлмөсү жана төшөнчүлөр күйгөн. Ал эми Чүй облусунун Кант шаарынын В.Ленин көчөсүндөгү ашкананын 4 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Келте айылынын Төмөнкү Келте көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 105 чарчы метр чатыры менен эки кабаттуу сарайдын 140 чарчы метр чатыры жана 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий