• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык Сахалиндеги бильярд боюнча мелдеште 1-орунду алды

Спорт 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. 2017-жылдын 24-27-мартында Сахалинде «Острова» бильярд спорту боюнча ачык турнир өттү. Бул тууралуу “Замандаш” Ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, иш-чараны Сахалин облусунун бильярд спорту боюнча Федерациясы облустун спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурган.

“Иш-чаранын максаты жана милдеттери Сахалин облусунун күчтүү спортчуларын аныктоо, оюнчулардын чеберчилигин жогорулатуу, облуста бильярд спортун жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналат”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мелдештердин шарты боюнча, 1-3-орун алган катышуучулар медалдар, грамоталар жана акчалай байгелер менен сыйланат. 4-8-орун ээлери акчалай байге алышат. Турнирдин жалпы байге фонду – 200 000 рубль.

Кыргызстандык Канчоро Айдаров Хабаровсктон келген спортчуну жеңип, 1-орунду ээледи.

РФ Алыскы Чыгыш округу боюнча КРнын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев Түштүк-Сахалинде бильярд боюнча турнирлер көп өткөрүлөрүн жана спорттун бул түрү кеңири жайылып жатканы кубанычтуу экендигин белгиледи. Ал мындай иш-чараларга кыргызстандыктар активдүү катышып, байгелүү орундарды алышарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий