• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда учурда 501 имараттын курулушу жүрүүдө, анын ичинен 204ү мектеп

Коом 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда учурда 501 имараттын курулушу жүрүп жатат, анын ичинен 204ү - мектеп. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, көп жылдан бери эскирип турган мектептер, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, спорт объектилери, таза суу, административдик имараттардын курулуштары жанданып, кызуу жүрүүдө. Быйыл жаңы окуу жылына карата бир күндө 43 мектеп, 5 спорт зал, 3 бала бакча колдонууга берилди. Жыл аягына чейин 100 билим уясынын имараты бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, преспублика боюнча 451 көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5 млн 552 миң чарчы метрди түзөт. Эки жолку чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркаган үйлөр кайра башынан курулуп, быйыл баткендиктерге 420 жаңы турак жайдын ачкычы тапшырылды.

"2023-жылы социалдык - маданий багыттагы объектилерди курууга мамлекеттик каражаттардан 8,8 млрд сом бөлүнгөн, аларга республика боюнча 144 объекттин ошондой эле өнөктөштөр линиясы боюнча 73 ар кандай объектилердин курулушун аяктоо каралган. Жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 80 объекти бүткөрүлөт.

Бишкек шаарында жаңы президенттик Администрациянын имаратынын курулушу жүрүп жатат.

Өлкө аймагында бир катар заманбап парктар салынып, колдонууга берилди.

- Бишкектин борборундагы көп функционалдуу Заманбап комплекс - беш жылдыздуу отелди, бизнес-борборду, турак жай жана соода аянттарын камтыйт. Бүгүн, курулуш тармагында өсүү темпи 11,2% ды түзөт.

Төлөө мөөнөтү 25 жыл, 4%дык ипотека

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Ага ылайык, ипотекалык насыянын жылдык төлөмү мамлекеттик кызматкерлер үчүн 4%, жеке тараптар үчүн 8%га төмөндөп, төлөө мөөнөтү 15 жылдан 20-25 жылга чейин узартылды.

2021-жылы Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 3-4 ай ичинде 732 үй-бүлө турак жайлуу болушкан. Ал эми 2022-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тарыхында рекорддук сумма 4 млрд 655 млн сомдон ашык каржылоо болуп 1804 үй-бүлө турак жайлуу болууга жетишти. Мамипотека берилип баштаган 2016-жылга салыштырмалуу 2023-жылы каржылоо 5,5 эсе өстү", - деп жазды ал.

Орунбеков 2023-жылдын башынан тарта, мамлекет көп кабаттуу үйлөрдү өзү куруп баштаганын белгилеп, аларды тизмектеди:

- 5050 батирлүү “Мурас” комплекси. 18, 24 жана 28 кабаттан турган 39 корпус;

- Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө 6 корпустан турган 620 батирлүү турак жай;

- Бишкектин түндүк тарабында 7 корпустан турган 549 батир;

- Тунгуч кичирайонунда 63 батирлүү көп кабаттуу турак үй;

- Бишкек шаарынын ортосунда 81 батирлүү үй;

- Бишкек шаарынын 11-кичи районунда 500 батирлүү көп кабаттуу үй;

- Жал кичи районунда 45 батир.

Пикир

Оставить комментарий