• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош 3017 жашта: Майрам жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Аймак 0

Бишкек, 05.10.17. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаары өзүнүн 3017 жылдыгын салтанаттуу белгилеп жатат.

Анын негизинде, шаардын борбордук аянтында театралдаштырылган оюн-зоок, белгилүү ырчы, бийчилердин коштоосунда концерттик программа тартууланды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, легендарлуу парламенттин депутаттары, бир нече чет өлкөлүк шаарлардын расмий делегациялары, шаар тургундары жана меймандары катышты.

А.Кадырбаев Ош шаарынын жетишкендиктерин баса белгилеп, жалпы элди шаардын 3017 жылдык майрамы менен куттуктады.

“Кылымдарды карыткан, маданияттын очогу болгон ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат – сүйүктүү шаарыбыздын 3017 жылдык майрамы. Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн кылым карыткан тарыхы бар, аты алыска, даңазасы далайга кетип, шаардын чок ортосунда ыйык “Сулайман Тоосу” орун алган, шаарды аралап керемет “Ак-Буура” дарыясы аккан, улуу бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу, жайы салкын, кышы жылуу, көргөндүн көз жоосун алган сүйүктүү шаарыбыздын улуу майрамы. Ошондон улам баарынан мурда Сиздерди, урматтуу кадырман калкым, Ош шаарынын Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга майрамдык маанай каалайм”,-деди ал.

Майрамдын алкагында Ош шаарында кызмат көрсөтүп жаткан бардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, кесип ээлери майрамдык параддан өтүштү.

Айта кетсек, шаар күнүндө “Ош Агро –II” айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү, “Күз берекеси” айыл-чарба продукциясынын жарманкеси.
И.Раззаков атындагы эс алуу багынын ачылышы болуп, майрамдык иш-чаралар "Алымбек Датка", "Раззаков","Ата Түрк","Жеңиш" эс алуу бактарында өтөт.

Майрам кечкисин, борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада ырчы, бийчилердин жана фольклордук топтордун катышуусундагы гала концерт менен жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий