• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Айдоочуларга эскертүү! Боомдо таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын 17-октябрдан 20-октябрга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,таш кулатуу иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий